Бугу 18, 2024
Убакыт: 17:05
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Камчыбек Ташиев Сокулук районунда УКМКнын капиталдык оңдоодон өткөн имаратын ачты (фото)

16.05.2023 19:28
294
Камчыбек Ташиев Сокулук районунда УКМКнын капиталдык оңдоодон өткөн имаратын ачты (фото)


 2023-жылдын 16-майында капиталдык оңдоодон кийин КР УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Сокулук райондук бөлүмүнүн имаратынын расмий ачылышы болуп өттү.


 Ачылыш аземине Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев  УКМКнын өздүк курамы, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлер катышышты.


 Жаңы имарат кызматкерлер үчүн керектүү заманбап жабдуулар менен толук жабдылган жана иштөө шарттары бардык талаптарга жооп берет.


 Камчыбек Ташиев  кызматкерлерди куттуктап, КР УКМК кызматкерлерине мындан ары да мамлекеттин бардык облустарында жана райондорунда өз милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн шарттар түзүлө турганын белгиледи.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн