Бугу 06, 2024
Убакыт: 00:22
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Камчыбек Ташиев: Тажикстан биздин өлкөгө кол салды жана атышуу биздин чек арада болду

26.09.2022 15:44
486
Камчыбек Ташиев: Тажикстан биздин өлкөгө кол салды жана атышуу биздин чек арада болду

Бүгүн, 26-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөрдүн негизинде кабыл алынган протокол боюнча түшүндүрмө берди.


Камчыбек Ташиевдин айтымында, тараптар кабыл алынган протоколдун аткарылышын камсыз кылат.


"Биз кабыл алынган протоколго ылайык иш алып барабыз жана экинчи тараптан да анын аткарылышын талап кылабыз.

Бул протокол аркылуу чек арада эң көп чатак чыккан постторду жана чек ара заставасын жойдук. 

Мен ойлойм биз муну менен чек арадагы конфликттин тамырынан кестик",- деди.


Мындан сырткары УКМК төрагасы Тажикстан Кыргызстандын чек арасына кол салганын жана атышуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасында болгонун кошумчалады.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн