Кыргыз-Тажик чек арасындагы болжолдуу куралдуу кагылышуу тууралуу бийликте маалымат болгон. Бул туурасында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жаңжалдан улам зыянга учураган жергиликтүүлөр менен болгон жолугушуусунда айтты.
"Кайсы бир деңгээлде болжолдуу маалымат болгон. Мындан улам Баткен облусунда аскердик техникалар даярдалып, ири кагылышты биринчи күнү эле алдын алдык. Биздин күчүбүз жетмек, бирок биз "битке өчөшүп көйнөгүңдү отко салба" деген принцип менен иш алып бардык", - деди ал.
Ошондой эле комитеттин төрагасы түндө кол коюлган протокол боюнча буларга токтолду.
"Протоколдо эки өлкөнүн чек ара тилкелериндеги аймактарда тынчтыкты орнотуу, анын жол-жобосу жазылды. Биринчиси, чек ара тилкелериндеги оор техникаларды, чек арачыларга тиешелүү эмес болгон курал-жарактарды, жарандарды толук алып чыгып кетүү. Экинчиси, ар бир мамлекет жаңжалга чейин ээлеп келген аймактарга, жер тилкелерине мындан ары дагы ээлик кылуу. Эгерде кимдир-бирөө мамлекеттик чек арадан өтүп кеткен болсо тез арада аны чыгаруу. Үчүнчүдөн, ушул талаптардын аткарылышы боюнча комиссия түзүлдү. Комиссия жер-жерлерде орун алган маселелерди чечүүгө же болбосо эки өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитеттеринин төрагаларына түздөн-түз кайрылуу. Бул протоколдун негизи буга чейин эле башталган", - деди ал.
Булак: "Супер.кг"
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн