2021-жылдын 24-майында митингтин катышучулары жана уютуруучусу Мухтар Шарипов КР УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге жолугушуп, жөнөкөй жарандарга карата тергөө жана сот иштери адвокаттардын, эксперттердин, прокурорлордун жана судьялардын мыйзамсыз иш-аракеттери менен жүрүп жаткандыгы жөнүндө өз билдирүүлөрүндө айтышты.
Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев митингчилердин бардык катышучуларына, Улуттук коопсуздук органдары арыз ээлеринин ар бир кайрылуусу УКМКнын компетенциясына ылайык жана мыйзамдын чегинде каралаарын айтты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн