Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 16:08
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Камчыбек Ташиев: Ворухка курула турган жолдун статусу аныкталмайынча эч кандай жол курулбайт

02.02.2022 16:16
986
Камчыбек Ташиев: Ворухка курула турган жолдун статусу аныкталмайынча эч кандай жол курулбайт

Ворухка курула турган жолдун статусу аныкталмайынча эч кандай жол курулбайт. Мындай пикирин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жабык эшик артында өткөн жыйынынан чыккан учурда билдирди.


Анын айтымында, жол Ак-Сай айлынын тургундарынын коопсуздугу үчүн салынат.


"Депутаттар протокол боюнча сурашты. Алар коридор берилип берилбегенин жана башка суроолорду сурады.

Мен аларга Ворухка эч кандай коридор берилбей турганын айттым.

Ворухка курула турган жолдун статусу аныкталмайынча эч кандай жол курулбайт.

Мамлекеттик комиссиялар жолдун статусун аныктагандан кийин иштер жүрөт",- деди Ташиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн