УКМК Ош облусунда Кадыр Досоновго карата кылмыш ишин козгогон. Бул тууралуу Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында билдирди.
"Азыркы учурда ага карата издөө жарыяланган. Жакында аны да кармайбыз", - деди Ташиев.
Анын айтымында, Досонов мурдагы бийлик учурунда мамлекеттик иштерге ачык эле кысым кылып турган.
"Жада калса, укук коргоо органдары аны менен күрөшүүнүн ордуна, анын буйругун аткарган", - деди УКМК төрагасы.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн