Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 01:55
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Камчыбек Ташиев Жалал-Абад милициясына 2023-жылы чыгарылган унаа белек кылды

04.05.2023 09:42
232
Камчыбек Ташиев Жалал-Абад милициясына 2023-жылы чыгарылган унаа белек кылды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 3-майда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Абитовго быйыл өндүрүштөн чыгарылган «Тойота Королла» үлгүсүндөгү унаа тапшырды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.


Кечээ, 3-майда Жалал-Абаддагы «Телтору» ат майданында милициянын генерал-лейтенанты Молдомуса Конгантиевдин жаркын элесине жана 9-Май Улуу Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча республикалык чемпионат өттү.


Анда Камчыбек Ташиев милициянын генерал-лейтенанты Молдомуса Конгантиевдин кыргыз мамлекетинин, кыргыз милициясынын тарыхында өз орду бар инсан экендигин белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн