Бугу 13, 2024
Убакыт: 15:58
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Камчыбек Ташиев баштаган делегация чек ара маселесин өзбек делегациясы менен талкуулоодо

24.03.2021 15:43
911
Камчыбек Ташиев баштаган делегация чек ара маселесин өзбек делегациясы менен талкуулоодо

Ташкент шаарында (Өзбекстан Республикасы) кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүсү башталды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.


Кыргыз делегациясын – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, ал эми өзбек делегациясын Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов жетектеген кеңешменин жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелерин делимитациялоо маселеси талкууланат.


Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстан Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын учурунда эки өлкө башчысы өкмөттүк делегациялардын ишин активдештирүү тууралуу макулдашкан, аларды жакын арада жыйынтыктоо пландаштырылууда.


Айта кетсек, 22-мартта Ташиев баштаган атайын делегация кыргыз-өзбек чек арасы боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Ташкентке кеткен.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн