Кулжа 13, 2025
Убакыт: 13:37
USD
87.30
87.80
EUR
100.30
101.30
RUB
1.085
1.120

Камчыбек Ташиев белгилүү италиялык актёр жана режиссёр Микеле Плачидо менен жолукту

12.06.2025 14:19
43
Камчыбек Ташиев белгилүү италиялык актёр жана режиссёр Микеле Плачидо менен жолукту


Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев белгилүү италиялык актёр жана режиссёр Микеле Плачидо менен жолукту. 


Атайын кызматтан билдиришкендей, легендарлуу италиялык актер III Бишкек эл аралык кинофестивалына катышуу үчүн келген. 


Ал "Спруг" криминалдык телесериалында (1984-1989-жылдары) "Комиссар Каттанинин" ролун аткарган.


Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы маданий кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү, анын ичинде М.Плачидонун Кыргызстанда өткөрүлгөн эл аралык кинофестивалдарга катышуусу, ошондой эле Борбор Азиядагы туристтик борбор катары Кыргыз Республикасынын эл аралык аренадагы аброюн көтөрүү маселелери талкууланды. 


Өз кезегинде актер Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчисинин сунуштаган демилгелерин чын жүрөктөн колдоого даяр экенин билдирип, Бишкекте жылуу кабыл алгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын жогорку жетекчилигине ыраазычылык билдирди.


Ошондой эле баарлашуу учурунда М.Плачидо Кыргызстандын аймагында өнүктүрүүнү пландап жаткан жеке киностудиясы тууралуу маалымат менен бөлүштү.


Белгилей кетсек, Плачидонун Кыргызстанга келүүсү эки өлкөнүн маданий байланыштарын чыңдоодогу маанилүү кадам болуп эсептелинет.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн