УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасында Тажикстан тарабынан жасалган агрессиядан жараат алган мекендештердин абалы менен таанышып чыкты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Белгилүү болгондой, Камчыбек Ташиев Баткен облусунун аймактык ооруканасында дарыланып жаткан жарандарыбыздан кабар алган.
Эске салсак, акыркы сааттарга карата чек арадагы агрессивдүү чатактан 183 жаран жаракат алып, 36 жаран каза болгону кабарланды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн