Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев азыркы учурда чет өлкөдө дарыланууда. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 24.кг агенттигине билдирди.
Белгилүү болгондой Камчыбек Ташиев кыска эмгек өргүү алып ден соолугун чыңдоо үчүн чет өлкөгө дарыланууга кеткен.
"Камчыбек Ташиев жакынкы күндөрү жумушка чыгат. Ташиев жана анын орун басарлары коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн",- деп билдирген мекемеден.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн