Бугу 14, 2024
Убакыт: 05:18
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Камчыбек Ташиев дагы бир үй бүлөнү жаңы турак-жайлуу кылды

04.05.2023 16:25
536
Камчыбек Ташиев дагы бир үй бүлөнү жаңы турак-жайлуу кылды


Сузак районунун Барпы айылындагы 4 балалуу үй бүлө турак-жайга муктаж болуп келген. Эскилиги жеткен жайда күн кечирген үй бүлөдөгү мектеп курагындагы кыздары Камчыбек Ташиевге кат жазып, жардам берүүсүн суранышкан.


Кайрылуу Камчыбек Ташиевге жеткен учурдан тартып, тез арада аталган үй бүлөгө жаңы там курулуп баштаган. 


Бүгүн, 2023-жылдын 4-майында, жашоо үчүн бардык шарттары бар турак-жай айыл элинин жана Камчыбек Ташиевдин катышуусунда үй ээлерине тапшырылды. 


Камчыбек Ташиев үйдун ачкычын тапшырып жатып, бул сыяктуу кайрымдуулук иштерди жасоо ар бир мүмкүнчүлүгү бар адамдарга зарыл экенин, өзү тарабынан ондогон жылдардан бери башкаларга үлгү катары жасалып келе жаткан кайрымдуулук иштерин мындан ары да улантаарын баса белгиледи.  

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Феруза
Ото сонун Аман болгула Камчыбек Ташыевге иразыбыз автор сызден сураныч5балам менен квартирада жашабыз кыйналдык турмуш шарты быз аябагандай ор суранам бызгеда жардам колун берыныздерчы 0501775168