2022-жылдын 20-декабрында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев курч лимфобластикалык лейкоз деген диагноз менен ооруган Маматкалыев Дайырбек Кыялбековичтин ата-энеси менен жолугушту.
Химиотерапия курсунун аяктаганына карабастан, курч лимфобластикалык лейкозду толук дарылоо үчүн дарыгерлердин сунушу менен Индиянын “Фортис” дарылоо процедураларына каражаттын жетишсиздигинен улам Д.Маматкалыевдин ата-энеси КР УКМК башчысына жардам сурап кайрылышкан.
Жолугушуунун жыйынтыгында генерал-лейтенант Ташиев КР УКМКсы Д.Маматкалыевдин Индиянын “Фортис” клиникасында текшерүүсүн жана операциясын каржылоого көмөктөшөрүн белгиледи.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн