Бугу 20, 2024
Убакыт: 01:41
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Камчыбек Ташиев кайсы ажыдаардын куйругун басты?

25.05.2021 21:08
4909
Камчыбек Ташиев кайсы ажыдаардын куйругун басты?


Ушул жылдын 13- майында Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан биздин өлкө аркылуу өткөрүлүп бараткан 440 кг өтө күчтүү наркотикалык зат колго түшүрүлдү. Акчалай баасы көмүскө базарда 20 млн доллардан ашык сумманы түзгөн мындай чоң наркотикалык жүк мурун кийин Кыргызстандын тарыхында кармалбаптыр. Бул ийгиликтүү ишке ашырылган атайын операция үчүн УКМКнын жалпы жамаатына жана комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев мырзага ыраазычылык айтсак болот.

Бул биринчи.

Экинчиси ушул окуядан кийин мындай бир ойлор келет экен:

1- 440 кг баңгизат, миллинодогон долларлык арам товар. Ушунча чоң көлөмдүү жүктүн ээси ким?
2- Баңгизат Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн Кыргызстан аркылуу Европага өтүп кетмек экен. Жакынкы Чыгыштагы кайсыл өлкө? Бахрейнби? Египетпи? Турциябы? Араб өлкөлөрүбү? Кайсыл өлкөдөн келген? Ал жактан Кыргызстан аркылуу айланып келип, анан Европага өтүп кетүү канчалык логикага туура келет?
УКМК 440 кг быйыл кармалдыба? Эгер мындай жүк быйыл кармалган болсо демек, буга чейин да Кыргызстандан өтүп турган да туурабы?

Эми менин жеке оюмда мындай:
Биринчиден бул жүк Жакынкы Чыгыштан эмес, илгертен эле өтө жүргөн биздин өлкөнүн түштүгү менен чектешкен кошуна өлкөдөн өткөн болушу керек. Болгондо да Ош областынын аймагынан кармалып жатпайбы. Афганистандан чыккан жүк, диктаторлук режим орногон бизге кошуна өлкө аркылуу өтүп, анан Казакстан, Россия тарапка өтүп кетип Европага жетет деген маалыматты баарыбыз эле угуп жүрбөйбүзбү.

Ал эми мындай көлөмдүү жүктү, оңой кишилер ташыбайт. Демек бул жерде өтө жогорку деңгээлдеги кошуналардын бийлик өкүлдөрүнүн катыштыгы бар болушу да мүмкүн. Кыргызстандын УКМКсы так мына ошол кошуна өлкөнүн көзүрлөрүнүн тамагын тыйды. 20 млн доллар деген оңойбу. Демек, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев өтө чоң бир ажыдаарга согуш жарыялады.

Эми мен муну өткөндөгү Баткен окуясына жана бүгүнкү Кыргызстандын белгисиз мөөнөткө чейин Тажикстан менен чек арасын жапканына байланыштыргым келбей жатат. Бирок болбой жатат да кашайып...

Шайырбек Абдырахман, журналист
Редакциядан: Автордун макаласы редакциянын көз карашын билдирбейт

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн