Бугу 20, 2024
Убакыт: 12:53
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Камчыбек Ташиев кайсы түрмөлөр шаардын сыртына көчүрүлөрүн айтты

20.07.2023 12:09
650
Камчыбек Ташиев кайсы түрмөлөр шаардын сыртына көчүрүлөрүн айтты


Түрмөлөрдү шаардын сыртына которууга 400 миллион сом бөлүндү, курулуш иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев 20-июлда министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.


Алар: СИЗО-21 (Бишкек), СИЗО-23 (Каракол), СИЗО-5 (Ош), СИЗО-10 жана СИЗО-53 (Жалал-Абад).


«Быйыл Жалал-Абаддагы эки СИЗО шаардын сыртына чыгарылат. Түрмөлөрдүн ордуна жарандарыбыз үчүн социалдык үйлөр курулат», - деди ал.


Ташиевдин айтымында, абактарда 7487 адам кармалууда. «Камактагылардын ордуна пробация системасы күчөтүлдү. Быйыл андан 15178 адам өткөн. Башкача айтканда, бардыгын кармап, каматпай, пробация иштерин жүргүзүп жатабыз», - деп кошумчалады ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн