Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 10:55
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Камчыбек Ташиев кичи мекенинде 5 миңдей кишиге ооз ачар өткөрүп берди (фото)

20.04.2023 08:27
206
Камчыбек Ташиев кичи мекенинде 5 миңдей кишиге ооз ачар өткөрүп берди (фото)


19-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак районунун Барпы жергесинде 5000ге чукул Орозо кармаган мусулмандарга ооз ачырды.

 

Ооз ачууга Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын тургундары да чакырылды. Дин аалымдары тарабынан Орозонун пазилеттери тууралуу баян айтылып, жалпы өткөн момун-мусулмандарга арналып Куран окулду. 

Ооз ачууга аймактагы энелер өзгөчө сыйлуу конок катары чакырылып, сый-тамак тартууланды. 


Камчыбек Ташиев чогулган элге сөз сүйлөп, кирип келген Орозо Айт майрамы менен куттуктады жана Президент Садыр Жапаровдун саламын жеткирди.

Жалпы жамаат өлкө тынчтыгын, өнүп өсүүсүн тилеп, өлкө жетекчилигине ак батасын берди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн