Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 07:43
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасында курман болгон жоокерлер тууралуу китеп чыгарууну тапшырды

11.01.2023 17:13
256
Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасында курман болгон жоокерлер тууралуу китеп чыгарууну тапшырды


                                                                                          Үстүбүздөгү жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары –Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев кеңешме өткөрүп, анда ведомствонун башчысы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу учурунда каза болгон жоокерлерди түбөлүккө калтыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү тапшырды. 


Жыйында биринчи кезекте Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы кагылышууда курман болгон аскер кызматкерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча китеп чыгаруу тапшырмасы берилди.


Окурмандардын (өзгөчө жаш муундардын) патриоттук сезимин жана курман болгон жоокерлерге болгон сый-урматты чыңдоо максатында кагылыш болгон жерлерде түз иш алып баруу, согушка чогуу катышкан жолдоштору, командирлер менен баарлашуу сунушталды.


Жыйында аталган басылманы республиканын бардык орто мектептерине жана жогорку окуу жайларына таратуу чечими кабыл алынды (Басылманы окуу боюнча Билим берүү жана илим министрлигине окуу планына өзгөртүү киргизүү боюнча сунушу менен). Ошону менен бирге китептин басып чыгууну ишке ашыруу коммерциялык максатты көздөбөшү керектиги айтылды.


Жыйындын соңунда генерал-лейтенант К.Ташиев алдыдагы иштерге өтө жоопкерчиликтүү мамиле кылууну жана бул демилгенин мамлекеттик маанисин жана маанилүүлүгүн эске алууну эскертти. Китептин бет ачаарын жарыялоо боюнча иштер 2023-жылдын 31-августуна, акыркы мөөнөтү кыргыз-тажик жаңжалынын бир жылдыгына (2023-жылдын сентябрь) чейин бүтүшү керектигин жана бет ачаар аземи майрамдык маанайда өтөөрүн кошумчалады.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн