Кулжа 26, 2024
Убакыт: 05:08
USD
86.50
87.40
EUR
92.50
93.50
RUB
0.960
1.020

Камчыбек Ташиев кыргызстандыктарды Жеңиш күнүнө карата куттуктады

09.05.2022 07:13
383
Камчыбек Ташиев кыргызстандыктарды Жеңиш күнүнө карата куттуктады

КР Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди кыргызстандыктарды 9-май, Улуу Жеңиш күнүнө карата куттуктады.


Төмөндө Камчыбек Ташиевдин куттуктоосу:


"Урматтуу мекендештер, 

Урматуу бизге бул Улуу Жеңишти алып келген аталар, апалар!


Бүгүн бүткүл дүйнө жүзүндө Улуу Жеңиштин 77 жылдыгы белгиленип жатат. Биринчи кезекте жыл өткөн сайын арабызда азайып бараткан согуш ардагерлерин, ошондой эле оорукта эмгектенүү менен Улуу Жеңишке чоң салым кошушкан аталарыбызды, апаларыбызды бул чыныгы күжүрмөндүктүн, баатырдыктын символуна айланган, эстен кеткис майрамы менен куттутайбыз. Сиздердин эрдигиңиздер, жаркын келечек үчүн өмүрүңүздөрдү тобокелчиликке салган кайратыңыздар мекенибизди басып кирген баскынчыларды сестентип, Улуу Жеңишти камсыздады. 


Ачыгын айталы, фашисттик баскынчылар баштаган согушунун натыйжасы адамзат үчүн эстен кеткис трагедияга айланып, бардыгыбызга сабак болду: тынчтыктын баа-баркын ошондуктан ар дайым биле жүрүү, ошол эле учурда бизге бул ачык асманды алып келген ата-бабаларыбыздын, ооруктагы эмгекчилердин баатырдыгын унутпай сактоо - ар бирибиздин ыйык милдетибиз болушу керек. Ошондо гана биз кан кечип ата-мекенибизди сактап калган аталардын, энелердин алдындагы карызыбызды азайткан болобуз, а андан кутулуу эч мүмкүн эмес, 1945-жылдын 9-майында алардын бизге тартуулаган белегинин баасы жок! 


Урматтуу мекендештер! 

Улуу Жеңиштин 77 жылдыгы оор дүйнөлүк саясий жана экономикалык кризиске туш келип олтурат. Иш жүзүндө дүйнө бүгүн экиге бөлүнүп калды. Бирок, бул жагдай аталарыбыздын, апаларыбыздын фронттогу жана ооруктагы эрдигин белгилөөгө жолтоо болбошу керек! Кыргыз эли үчүн Улуу Жеңиштин баасы өзгөчө, анткени жалпы 400 миңдей мекендештерибиз согушка аттанып, кайтпай калган, же майып болуп кайткандар болгон. Ачык эле душмандын огуна төшүн тосуп, советтик аскерлерге жол ачып берген баатырларыбыз чыкты. Ошондуктан, эч ким, эч нерсе унутулбайт!


Улуу Жеңиш майрамыңыздар менен, мекендештер!".

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн