Бугу 12, 2024
Убакыт: 05:12
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Камчыбек Ташиев коррупционерлердин түн уйкусун бузуп жатканы билинди

10.03.2021 11:30
2153
Камчыбек Ташиев коррупционерлердин түн уйкусун бузуп жатканы билинди


Кече жакында эле интернеттеги социалдык түйүндөрдө өздөрүн УКМКнын кызматкерлери катары көрсөткөн белгисиз бирөөлөр Камчыбек Ташиевдин үстүнөн президенттин атына даттанма-кайрылуу жолдошкону жарыяланган. Алар Ташиевдин аракеттерин сынга алып, аны кызматтан алуу өтүнүчүн жазышкан экен. Көп өтпөй эле бул даттанма-кайрылуу «фейк» экени билинди. Көрсө, аны атайын кызматтын кызматкерлери жазбай эле, белгисиз бирөөлөр жазып, анан УКМК кызматкерлеринин атынан кайрылуу катары социалдык түйүндөргө таратышкан тура.   


Демек, Камчыбек Кыдыршаевичтин коррупцияга каршы чечкиндүү күрөш баштаганы кимдир-бирөөлөргө жакпай жатканынын белгиси деп түшүнө берсек болот. Отуз жылдан бери карай мамлекеттин байлыгын өз байлыгындай көрүп талап-тоноп келгендер арбын. Өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеп жүрүп эле, катар-катар батирлерге, заъгыраган хансарайларга, соода түйүндөрүнө ээлик кылып, 100 миң долларлык автоунааларды минип жүргөндөр четинен ачыкка чыгып жатат. Алган айлыгы бир айлык азык-түлүккө, баскан-турганга гана араң жете турган соттор үй-бүлөсүн алып, чет мамлекеттерге эс алып келишээри да билинүүдө. Болгондо да тез-тезден каттагандары бар экен. Айрым соттордун кийген шубалары 5 миң доллар, өтүктөрү 1000 доллар тураары да айтылды. Анан дагы К. Ташиев коррупцияга каршы күрөштө эч кимге аео болбостугун эскерткен.


Мына ушул жагдай «Тойгончо жеп, өлгөнчө каргана берген» коррупционерлердин эсин эки кылып, түн уйкусунан бездирип жатканын түшүнүүгө болот. Алардын ар бири «Качан мага кезек келет болду экен?» деген сары-санаа менен жашап жатышканын да туюп турабыз.


Мындай жагдайдан кантип кутулууга болот? Бир гана жолу УКМКнын тёрагасы К. Ташиевди кызматтан кетирүү, анын ордуна «сүйлөшүүгө ыңгайлуу» башка бирөөнүн дайындалышы. Азыркы тапта жүрөктөрү дүкүлдөп, дагы көп эле жерлери «бүлкүлдөп» отургандардын көздөгөнү ушул болуп турат. Ошондон улам алар К. Ташиевди кызматтан кетирүүнүн түрдүү амалдарын ойлонуп жатышканы көрүнүүдө. Бирок, андайга жол берилбеши керек. Камчыбек Кыдыршаевич баштаган ишин аягына чейин чыгарып, коррупцияга малынуу – бул темир тордун артына отуруу боло турганын иш жүзүндө көрсөтүүсүн улантуусу шарт. Кайрадан эле коррупционерлердин жеңишке жетип калышы ишке ашпашы маанилүү. Коррупциянын жоюлушу менен гана мамлекет өнүгө алат.


Сагынбек Сатыкеев


Теги

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Джумабекова Ракыйма
Азаматсын Ташиев Кыдыршаевич. Паракорлукту туп тамыры менен жойунуз,.Айыл Окмоттон баштап ,бутундойжогору жактагы,Парламентти текшеруу. Ачык айкын текшерилип ачык корсотулуш керек.
аса
курош журуудо бирок тандалма болууда.келишип алса чыгып кете алат.автор жагыш учун жалган жазба уят болот.