Бугу 20, 2024
Убакыт: 12:05
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Камчыбек Ташиев күрөөканалардын ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурууну талап кылды

25.12.2023 16:01
162
Камчыбек Ташиев күрөөканалардын ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурууну талап кылды


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылдын акыркы чоң тапшырмаларынын бири катары күрөөканалардын ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурууну талап кылды. Бул тууралуу ал УКМКнын Москва райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземинде билдирди.

Анын айтымында, насыяга акча берүүчү күрөөканалардын кызматын карапайым адамдар пайдаланып, алардын жогорку пайыздык үстөк кошууларын төлөй албай, жабыркап, турак жайынан, мал-мүлкүнөн ажырап калып атышат.

"Андыктан, УКМКнын төрагасы Улуттук банкты өлкөдөгү күрөөканалардын ишмердүүлүгүн лицензия боюнча текшерүүгө алууга чакырып, ар бир күрөөкана үстөк пайызын 30%дан ашырбоосу керектигин билгиледи. Талапка баш ийбеген күрөөкана ээлерине мыйзам чегинде чара көрүлөөрү эскертилди", - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн