Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 04:33
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Камчыбек Ташиев курулуш компаниялардын жетекчилери менен жолукту

13.07.2022 17:09
584
Камчыбек Ташиев курулуш компаниялардын жетекчилери менен жолукту


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев ага ачык кайрылуу жолдогон бир катар курулуш компаниялардын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Куруучулардын ачык кайрылуусу Бишкек шаарынын түштүк зонасында курулуш объектилерине техникалык шарттарды берүүнүн жана аларды туташтыруунун Тартиби жана шарттары жөнүндө жобону жокко чыгаруу сунушуна байланыштуу саналат.

Курулуш компанияларынын өкүлдөрү бул маселе үч жылдан бери чечилбей келе жаткандыгын, ошол эле учурда жүктөмдү эсептөө колдонуудагы нормаларга туура келбестигин жана андан он эсе жогору экендигин белгилешти.

Өз кезегинде Ташиев тармактык мамлекеттик органдарга түзүлгөн кырдаалды иликтеп чыгууну тапшырды жана салыктарды ак ниет төлөгөн ишкерлерди колдоого алуу мамлекеттик саясаттагы артыкчылыктуу багыттардын бири экендигин баса белгиледи.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Эрнисбек Кошбаев
Бир Аллахым билуучу