Бугу 14, 2024
Убакыт: 11:00
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Камчыбек Ташиев: Өлкөдө азык-түлүк тартыштыгы пайда болсо үч министр башы менен жооп берет

24.03.2022 11:34
1148
Камчыбек Ташиев: Өлкөдө азык-түлүк тартыштыгы пайда болсо үч министр башы менен жооп берет

Өлкөдө азык-түлүк жетишсиздиги пайда болсо үч министр башы менен жооп берет. Мындай пикирин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев  Министрлер кабинетинин антикризистик чаралар боюнча жыйында билдирди.


Анын айтымында, азык-түлүк коопсуздугу боюнча тиешелүү министрликтер элге ачык маалымат берип турушу керек.


"Бүгүн өлкөдө азык-түлүк жетиштүү эч кандай тартыштык болбой турганы боюнча Экономика, Финансы жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги элге ачык, так маалыматтарды берип турушу керек.


Кандай баада кайсы жерде сатылып жатат? Канча запасы бар деген суроо болбош керек.

Эгер эртең азык-түлүк тартыштыгы пайда болсо үч министр башы менен жооп берет",- деди Ташиев.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Дарика Аалиевна
Продуктылар Кымбат! Жебей эле Карандарын Жалдырап Карап Тойюп Каласың!