УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарында 500 баатыр энеге майрамга карата майрамдык чай берип ак жоолугун салды. Бул тууралуу Камчыбек Ташиевдин жакын адамы социалдык тармакта билдирди.
"Аялзат жаз гүлүндөй сулуусуң
Жарык берип күн нурундай жылуусуң.
Өчүрбөй коломтонун отун жаккан,
Бүлөөнун берекеси, кутусун.
Аялды сыйлаган эр жигит эч качан жерде калбайт.
Азаматсыз жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көгөрөт, сиздей эл уулдары көбөйө берсин, ишиңизге ийгилик, өзүңүзгө ден-соолук каалайм!",-деп билдирүү калтырган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн