Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 01:00
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровду уруштургусу келген күчтөр табылдыбы?

05.11.2020 16:49
1092
Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровду уруштургусу келген күчтөр табылдыбы?


Буга чейин УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровду сындаган билдирүү чыккан. С.Жапаров 4-ноябрда бул окуяга “Регион” телеканалына барганда жооп берген. Анда ал “Камчыбек Ташиев экөөбүздү уруштуруп, ажыраштырып, достугун бузсак бийликке жетебиз деген күчтөр бар” деп билдирген.


“Хакер Камчыбек Ташиевдин жеке баракчасына кирип, ошентип жазып, 15 мүнөттөн кийин чыгып кетиптир. Аны кайсы баракчадан киргенин таап алса болот. Бирок менин ага убактым жок. Мен көрүп эле күлүп койдум, "хакерлер бузуп кирип, жазып чыгып кетсе керек" деп. Эртеси Камчыбек Ташиев келди. Карасак 15 мүнөт кирип, анан чыгып кетиптир. Биздин мамиле жакшы. Экөөбүздү уруштуруп, ажыраштырып бузсак бийликке жетебиз деген күчтөр бар. Биздин башыбыздан далай нерселер өткөн, 15 жылдан бери бири-бирибизди жакшы билебиз. Мындайларга моюн бербейбиз”, - деген ал.


Эң кызыгы С.Жапаровдун жообунда болуп жатат. Эмне үчүн УКМКнын жетекчисинин расмий баракчасы хакерлердин чабуулуна туш болду? Кыргызстан атайын кызматынын жетекчисинин маалыматтык коопсуздугун да толук камсыздай албай калдыбы? Кыбыр эткен нерсенин баарын биле турган “сырдуу” мекеменин жетекчиси ушундай кырдаалга туш болсо, катардагы жарандардын жеке коопсуздугу эмне болот? Мамлекеттеги “эки тизгин, бир чылбырды” колго алган “достор” Ташиевдин баракчасын бузуп кирип, ортосуна от жаккысы келгендерди таба алабы?


Канатбек Аскаров


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Назир Шакиев
Камчы садыр Кудай берген сур бар байларды толот ала тоонун койнунда курчалган элин силер менен