Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 11:36
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Камчыбек Ташиев менен тааныштыгым бар деп акча алган жаран кармалды

19.04.2023 19:00
288
Камчыбек Ташиев менен тааныштыгым бар деп акча алган жаран кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана уулу  менен тааныштыгым бар деп, жаранды кызматка орноштуруу үчүн акча алган адам кармалды. 


КРнын Кылмыш жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш ишине байланыштуу УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам-иликтөө иш аракеттеринин алкагында Кудайберди уулу О. аттуу КРнын жараны кармалган. 


Ал УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана анын уулу Таймурас Ташиев менен жакын тааныштыгы бар экенин айтып, И.А.М. аттуу жарандын ишенимине кирип, аны Ош облусунун Кара-Суу районунундагы Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары кызматына орноштурамын деп 1500 АКШ долларын алган.  


Жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында К.у.О өз аракетинин кылмыштуулугун түшүнүп, мындан ары мындай аракеттерге барбоого милдеттенди.


Материалдар юридикалык баа берүү үчүн Ош облусунун Ички иштер башкармалыгына берилет.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн