Бугу 20, 2024
Убакыт: 09:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Камчыбек Ташиев министрлерге Ысык-Көлдө эс албай, эмгек өргүүсүнө чыкпай иштөөгө чакырды

20.07.2023 11:50
815
Камчыбек Ташиев министрлерге Ысык-Көлдө эс албай, эмгек өргүүсүнө чыкпай иштөөгө чакырды


Кыргызстандын министрлер кабинетинин мүчөлөрү быйылкы жылы эмгек өргүүсүн алышпайт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин жыйынында төраганын орун басары, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев билдирди.


Анын айтымында, министрлердин эс алууларын өзү көзөмөлдөйт.


«Министр болуп иштейм дедиңиздерби, иштеңиздер. Эл эс алып жатса, машина айдап, эс алуунун кереги жок. Биз талыкпай иштешибиз керек. Көл жээгинде шорты кийип күнгө күйгөн бир дагы министрди көрбөйүн. Үйдө эс алыңыздар. Эмгек өгүүсү болбойт», - деди Камчыбек Ташиев.


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы министрлерге саат 6.00дө жумуш ордунда болууну тапшырды. «Мен саат 5:00дөн бери жумуштамын. А сиздер 8.30-9.00 келесиздер. Кечирээк тыгындарды болтурбоо үчүн эрте келиңиздер. Саат 6.00 келиңиздер. Бул элге үлгү болот», - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн