Кулжа 29, 2024
Убакыт: 00:58
USD
86.20
87.10
EUR
92.10
93.10
RUB
0.960
1.040

Камчыбек Ташиев патрулдук милиция кызматкерине 100 миң сом тапшырды

13.06.2024 14:11
198
Камчыбек Ташиев патрулдук милиция кызматкерине 100 миң сом тапшырды


Патрулдук милиция кызматкерин атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев сыйлады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.


Маалыматка ылайык, бүгүн мамлекеттик комитеттин төрагасы жумушуна саат 5.30да келип, Бишкектин көчөлөрүнүн биринде патрулдук милиция кызматкери кызматтык милдетин жалгыз аткарып жатканын көргөн.


Камчыбек Ташиев патрулчунун таң эртеден бери нөөмөттө жүргөнүнө баа берген. Ал милициянын сержанты Амангелди Көлбаев болуп чыкты.


Атайын кызматтын башчысы: «Ар бир мамлекеттик кызматкер ар бир саатын кызматка арнап, Кыргызстан үчүн жан дили менен иштөөгө милдеттүү», - деп белгиледи. Ал Амангелди Көлбаевге белек жана 100 миң сом тапшырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн