Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 17:22
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Камчыбек Ташиев: "300 гектар жердин ордуна 1000 гектар бербесеңер келишимге кол койбойм деп туруп алдым"

30.03.2021 19:39
1159
Камчыбек Ташиев: "300 гектар жердин ордуна 1000 гектар бербесеңер келишимге кол койбойм деп туруп алдым"

Бүгүн, 30-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Өзгөн районунун тургундары менен жолугушуп, чек ара маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.


Жолугушууда Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча кыргыз-өзбек делегацияларынын сүйлөшүүлөрү кандай жүргөнүн айтып берди.


"Кемпир-Абад суу сактагычы ээлеген жердин аянты 4400 гектар болду. Анын ордуна Өзбекстан тарап буга чейин 4100 гектар жерди башка аймактан берген. Дагы 300 гектар жер бериши керек эле. "Ошол 300 гектар жердин ордуна 1000 гектар бергиле" дедим. Алар 500 гектар берели дешти, биз макул болбодук. Өзбекстандын премьер-министри да өз позициясында катуу турган киши экен, талашып, тартышып отуруп "700 гектар берели, ушуну менен токтойт" деп кесе айтты. Мен "1000 гектардан 1 гектар да түшпөйм, болбосо кетем, келишимге кол койбойм" деп туруп алдым. Акыр аягы "ушунча сүйлөшкөн ишибиз бузулуп кетпесин" дешип, 1000 гектар берүүгө макул болушту. Ал жерлерди биз кайсы аймактан алмай болдук? Кемпир-Абаддын оң жагында чөп чабыкка ылайык жакшынакай жерлер бар. Убадаланган жерлерди ошол аймактан алып, 500 гектарын Өзгөн, 500 гектарын Сузак райондорунун карамагына өткөрүп берели деп чечтик", - деди Ташиев.

Булак: Супер.кг

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Сагынбек
Баракелде бар болунуз