Бугу 14, 2024
Убакыт: 23:54
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Камчыбек Ташиев "Альфа" атайын кызматынын өздүк курамын куттуктап, күжүрмөн даярдыгын текшерди

23.02.2023 19:34
232
Камчыбек Ташиев "Альфа" атайын кызматынын өздүк курамын куттуктап, күжүрмөн даярдыгын текшерди

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев УКМКнын "Альфа" атайын кызматында болуп, жалпы өздүк курамды Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады.


Сапарынын жүрүшүндө Ташиев бөлүктүн карамагына жаңыдан алынган куралдар менен таанышып, жабдыктарды жана куралдардын күжүрмөн даярдыгын текшерди.


Мындан тышкары, УКМКнын төрагасы өлкөнүн жана ведомство жетекчилиги тарабынан, бөлүктүн алдында турган күжүрмөн тапшырмаларды ийгиликтүү аткаруу үчүн бардык зарыл болгон шарттар түзүлүп жаткандыгын баса белгиледи.


Иш-чаранын акырында УКМКнын төрагасы дагы бир жолу УКМКнын "Альфа" атайын кызматынын жалпы өздүк курамын куттуктап, чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана кызматында ийгиликтерди каалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн