УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 8-март күнү Жалал-Абадда 500 Баатыр энени куттуктады. Жолугушууда энелерге жоолук салып, майрамдык маанай тартуулады.
Камчыбек Ташиев энелерди майрамы менен куттуктоо сөзүндө өз апасын эскерди.
"Урматтуу апалар!!!
Урматтуу Баатыр энелер!!!
Мен сиздердин ар бириңиздерди көргөндө "апа" деп ар бириңиздерди кучактагым, өпкүм жакшы сөз айткым келет. Себеби менин апам да сиздерге окшоп Баатыр эне эле. Ошондуктан, мен ар дайым 8-мартты сиздер менен бирге апам менен тоскондой болом", - деди К.Ташиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн