Бугу 04, 2024
Убакыт: 01:23
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Камчыбек Ташиев: "Мафияга" каршы күрөш уланууда, биз алардан арылабыз

04.04.2024 09:23
100
Камчыбек Ташиев: "Мафияга" каршы күрөш уланууда, биз алардан арылабыз


Кыргызстанда "мафиялык түзүлүштөргө" каршы күрөш уланууда. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледжде сүйлөп жатып айтты.

Анын айтымына караганда, коом акыркы күндөргө чейин "тартипсиз" болуп кеткен.

"Коомдо олигархтар, мамлекеттик ууру чиновниктер, криминалдык топтор пайда болгон. Ушул үч топ биригип, "мафиялык түзүлүштөрдү" түзгөн. Бүгүнкү күнгө чейин күрөшүп келатабыз. Күрөш уланууда, биз алардан арылабыз. Мамлекеттик олигархтар коомду башкарбашы керек", - деп баса белгиледи Ташиев.

УКМК төрагасы ошондой эле мамлекетти талап-тоногон чиновниктер бай жашап, коомго таасирин тийгизбеши керектигин айтып, "криминалдык" топтор өлкөдө такыр болбошу керектигин кыйытты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн