Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 02:52
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Камчыбек Ташиев тажик тарап менен сүйлөшүүдөн кайтып келди. Кандай маселе каралды? (Видео)

30.04.2021 13:31
3542
Камчыбек Ташиев тажик тарап менен сүйлөшүүдөн кайтып келди. Кандай маселе каралды? (Видео)

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана Өкмөттүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев Гулистанда жүргөн эки тараптуу сүйлөшүүдөн кайтып келди. 


Маалыматка ылайык, эки тарап да аскердик күчтөрдү чек ара аймактарынан алыска алып чыгып кетет. 

"Биз сүйлөштүк. Чек арадагы аскердик техникаларды кошумча күчтөрдү чек арадан алыс аймакка чыгаруу боюнча келиштик. Биз Баткенге чыгарабыз алар да алыска чыгарып кетет. 

Мындан сырткары, тез арада чек араны тактап зым тартабыз. 

Тажикстан Ворухка коридор ачууну сунуштады биз муну али талкуулайбыз. Жакынкы аралыкта тажик аскерлери Төрт-Көчөнү таштап кетет, Ош-Исфана жолу ачылат.

Мен баарыңыздарды ишендирип кетем. Өрттөлгөн үйлөр, имараттар тажик тараптан же мамлекет тарабынан бүткөрүлөт",- деди Камчыбек Ташиев.


Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Мир
Достукту тажик менен жыйыштырып еле коюш керек.Тажикке адеп ууру жол менен бизнес кылышат биздин уурулар
Нурлан
Каридор бербеш керек каридор берсек Лейлек району акылап кылып берип койгон болобуз