Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 19:02
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Камчыбек Ташиев тажик тарап менен жолугушуп, сүйлөшүү жемиштүү болгонун айтты (видео)

05.06.2021 14:38
1812
Камчыбек Ташиев тажик тарап менен жолугушуп, сүйлөшүү жемиштүү болгонун айтты (видео)

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Чоң-Алай жергесиндеги кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөр майнаптуу болгондугун билдирди.


Маалыматка ылайык эки тараптын тийиштүү кызмат өкүлдөрү эртеден бери бир нече ирет жолугушууларды өткөрүп, түшкү саат 13:00гө карата бирдиктүү келишим кабыл алышкан. 7,8 пунктан турган келишим расмий жарыяланаары айтылды.


«Жолугушуу натыйжалуу болду, анын негизиде мен азыр бул жерге топтолгон укук коргоо органдарынын жана башка кызмат өкүлдөрүн өз ордуна кайтуусу боюнча приказ беремин. Жергиликтүү жашоочуларды да үй-жайына кайтарып келүү боюнча тапшырма берилет«, -деди Ташиев.


Белгилүү болгондой Тажикстан тарап буга чейин да бир нече ирет расмий жолугушууларга келип, келишим кабыл алынгандан кийин да убадасына турбай, кайра ок чыгарган учурлар катталган. Бул ирет андай учур катталбайбы, жергиликтүү элдин коопсуздугу эске алындыбы деген суроого да жооп берди.


«Буга чейинки келишимдердин кабыл алуу убактысы ар түрдүү болгон. Бирок биз келишимдерди бузбай келебиз. Мындан кийин да келишимдерге ылайык иш алып барабыз. Албетте, эки мамлекет үчүн тең элдин коопсуздугу биринчи орунда турат. Ал жагын толук эске алабыз» , -деди.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн