Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 3-июнда Баткен облусуна тик учак менен жөнөп кетти. Бул тууралуу Өткүрбек Рахманов билдирди.
Белгилей кетсек, бүгүн, 3-июнда Баткен районунун Ак-Сай айылынын Булак-Башы тилкесинде кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда атышуу чыккан.
Сүйлөшүүлөргө карабай ок атышуу 14:15ке чейин уланган. Окуянын натыйжасында эки кыргыз жоокери жаракат алган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн