Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 06:15
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Камчыбек Ташиев туугандары мыйзам бузса жоопко тартыларын белгиледи

26.09.2024 11:37
387
Камчыбек Ташиев туугандары мыйзам бузса жоопко тартыларын белгиледи


УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин алдамчылыкка айыпталып камакка алынган бажасы жаза мөөнөтүн өтөп бүткөн соң эркиндикке чыгат. Бул тууралуу атайын кызматтын жетекчиси Кызыл-Кыя шаарында УКМКнын жаңы имаратын ачып жатып билдирди.


Ташиев ошондой эле атайын кызматтын бир дагы кызматкери жакындарынын өтүнүчүн аткарбашы керектигин белгиледи. Ал эгер кол алдындагылардын бири жакындарынын маселесин кызматтык абалынан пайдаланып чечип берери аныкталса жазага тартыларын эскертти.


"Кыргыздар урук-туугандуу, бала-чакалуу, дос-жарлуу элбиз. Кудайга шүгүр, баары көп болсун. Бирок аларды жумушка аралаштырбаш керек. Менин бир да бир тууганым, балдарым менен мамиле түзбөшүңөр керек. Бирөөсү менен эле телефон аркылуу да сүйлөшө турган болсоңор жоопко тартылып, кызматтык иликтөөгө алынасыңар. Жакындарымдын тапшырма, суранычын аткарууга милдетүү эмессиңер", — деди Ташиев.


Ал абакта отурган бажасы тууралуу да сөз кылды.


"Бүгүнкү күндө УКМКнын СИЗОсунда менин бир тууган бажам — жубайымдын бир тууган эжесинин күйөөсү отурат. Ал дагы чоң кызматтарда иштеп жүргөн эле киши, милициянын полковниги. Бирок алдамчылык кылып, менин атымдан туура эмес иштерди кылган экен. Мына эми үч айдан бери СИЗОдо отурат. Кимди алдаган болсо ошолорго акчасын төлөп берет, андан кийин мыйзамдуу жазасын алып бошотулат", — деди Ташиев.


Эске салсак, Камчыбек Ташиевдин бажасы кармалганын укук коргоо органдары 17-июлда билдирген. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайында камакта отурат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн