Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 11:39
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Камчыбек Ташиев туулгандан бери өздүк документтери жок жаранга паспорт тапшырды

06.04.2023 15:08
468
Камчыбек Ташиев туулгандан бери өздүк документтери жок жаранга паспорт тапшырды

2023-жылдын 6-апрелинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев УКМКнын конок үйүндө 1990-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну, үй-бүлөлүк шартка жана жашоодогу кыйынчылыктарга байланыштуу Кыргызстандын жарандыгын ала албай жүргөн Чернышов Максим Алексеевичти кабыл алды.  

   

УКМКдан билдиргендей, көрүлгөн чаралардын негизинде, 33 жаштагы М.А.Чернышовго Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторун (ID-карта жана эл аралык паспорт) тариздөө жана берүү үчүн керек болгон баштапкы документтер калыбына келтирилген.


 Маалым болгондой,   2023-жылдын 16-мартында Чернышов М.А. УКМКнын төрагасына КР улуттук паспортун алууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен видеокайрылуу (Фейсбук социалдык тарбагында) жасаган.

 

 1990-жылы биологиялык ата-энелери М.А.Чернышовду Октябрь райондук балдарды кабыл алуу борборуна таштап кеткен, ал жерден 3 күн ичинде аны Чернышов Алексей Максимович (1994-ж. каза болгон) жана Чернышова Татьяна Васильевна (2020-жылы каза болгон) багып алышкан.


   Максим Чернышов калкты тейлөө органдарына бир нече жолу кайрылганын, бирок өздүгүн тастыктаган документтерди алуу аракеттеринен майнап чыкпаганын, себеби ата-энесинин жана Кыргыз Республикасынын паспортун берүүгө негиз болгон документтердин түп нускасы жок болгондугуна байланыштуу ала албаганын айткан.


          

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн