Бугу 19, 2024
Убакыт: 11:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Камчыбек Ташиев үйгө муктаж болгон Гүлжан Абдыразак кызына үй куруп берди (фото)

06.03.2022 17:56
835
Камчыбек Ташиев үйгө муктаж болгон Гүлжан Абдыразак кызына үй куруп берди (фото)

Камчыбек Ташиев үйгө муктаж болгон Гүлжан Абдыразак кызына үй куруп берди. Бул тууралуу Өткүрбек Рахманов билдирди.


"Сузак районунун Барпы айылынын тургуну Гүлжан Абдыразак кызы, 1997-жылдан бери бөйрөк оорусунан жабыркап келет. Жакындарынын болгон мүмкүнчүлүгү менен бир топ медициналык мекемелерде дарыланган. Өзүнүн жеке турак-жайы жок болгондуктан, бир туугандарынын үйүндө жашап жүргөн. Үйгө болгон муктаждыктан улам Камчыбек Ташиевге жардам сурап кайрылган. Кайрылган күндөн 2 ай өтпөй туруп, Гүлжан Абдыразак кызына Камчыбек Кыдыршаевич тарабынан жаңы турак-жайы курулуп бүттү. Бүгүн, 2022-жылдын 6-мартында Барпы айылынын аксакалдарынын катышуусунда, Камчыбек Ташиев жашоо үчүн бардык шарттары бар жаңы үйдүн ачкычын Гүлжан Абдыразак кызына тапшырды",- деп айтылат маалыматта.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн