Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:36
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Камчыбек Ташиев Өзбекстандын атайын кызматынын башчысы менен жолугушту

17.05.2022 17:30
691
Камчыбек Ташиев Өзбекстандын атайын кызматынын башчысы менен жолугушту

Бүгүн, 17-майда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы Абдусалом Азизов жолугушту. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн атайын кызматынын төрагалары биргеликте Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы чек ара тилкесиндеги макулдашыла элек Гавасай участкасын тик учак менен кыдырышты.


Тараптар тийиштүү маселелер боюнча өз ара пикир алмашты. Жолугушуу жылуу достук маанайда өттү жана тиешелүү чечимдер кабыл алынды.


 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн