Экс-депутат, саясатчы Камчыбек Ташиев өмүрлүк жубайы менен бир палатада дарыланып жатышат. Бул тууралуу социалдык тармактарда маалымдалды.
Белгилүү болгондой, ал өпкөнүн эки тараптуу сезгенүү
дартына кабылып, ооруканада оор абалда жатканына бир нече күн болуп калды.
Ташиев мурунку күндөргө караганда ушу тапта салыштырмалуу жакшы жакка жылыштар бар экенин айткан. “Эң негизгиси дарылоодо прогресс бар. Медиктерге ыраазычылык. Өмүрлүк жубайы менен бир палатада дарыланып жатышат. Алдыда дагы толук айыгып кеткенче бир топ жолду басыш керек. Өмүрлүк жарыңыз менен тезирээк сакайып кетиңиз”, - деп жазылат маалыматта.
Пикирлер (2)