Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевден коронавирус аныкталган жок. Бул тууралуу АКИpress агенттигине саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында бүгүн, 5-январь күнү эртең менен министр Ташиевден кабар алган.
«Анын абалы канааттандырарлык, айыгып жатат. Коронавируска болгон анализ терс жыйынтык чыгарды, азыр ал дарыгерлердин көзөмөлүндө», - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн