Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин Бүткүл дүйнөлүк коррупцияга каршы күрөш күнүнө карата кайрылуусу.
«Урматтуу мекендештер! Бүгүн бүт жер жүзүндө жемкорлукка каршы күрөш күнү белгиленип жатат. Адамзат тарыхы көрсөткөндөй, коррупция бар жерде эч качан өнүгүү болбойт! Андан бир ууч гана адамдар байышы мүмкүн, бирок, уурулар башкарган мамлекеттин эли жакырчылыктан башы чыкпайт. Буга биздин мамлекетте да буга чейин болуп келген көрүнүштөр таасын далил боло алат. Өз мекенибизде курсагын тойгуза албай, канчалаган адамдарыбыз иш издеп, тентип кеткени жалганбы? Карапайым калк ушундай жакырчылыкта күн кечирип келгени менен, арада уурулуктун арты менен миллионер болгондордун катары калыңдаган. Дал ошондуктан, биз коррупцияга каршы күрөштү биринчи орунга койдук. Жыйынтыгында, акыркы үч жыл аралыгында, коррупцияга каршы күрөштөн 125 миллиарда сом мамказынага түштү.
Бирок, тилекке каршы, жемкорлук токтобой жатат! Коррупция кандай жерде торун жаят, ал эмне менен азыктанат. Ошол багытта айрым ойлорумду ортого салгым келип турат:
Биринчиси, америкалык демократиялык принциптердин көрүнүктүү өкүлү Алексис де Токвиль өзүнүн коррупция жөнүндө жазган эмгегинде “Коррупция эн оболу — ыймандык кылмыш, ыйман, абийир жок жерде коррупция гүлдөйт”- деп жазган. Бизде, коррупциянын гүлдөп-өнүгүүсүнө өтө ыңгайлуу ландшафт түзүлгөн: жең ичинен байланышкан мамиле, ымала, тууганчылык, жердешчилик, “меники”, “сеники” деген бөлүнүү, чайпул, колдомой. Мунун баары коррупциянын алгачкы этабы, ыйман жоголгон жерден коррупция башталат! Ыймандуу, абийири таза, уяты, намысы бар адам эч качан коррупция жолуна түшпөйт! Тилекке каршы, адамдык асыл сапаттарды уруп ойнобогон адамдар коррупциянын уюгун жаратып отурат. Мен айтаар элем, коррупцияга колу малынгандар — өлкө келечегинин мителери гана эмес, алар өнүгүүнүн канын сүлүк курттай соруп жаткан ыймансыздар, көкүрөгүндө ыйманы бар адам бул жолго баруудан намыстанат, тартынат!
Коррупция — биринчи кезекте ыйман кылмышы, намыс- абийир кылмышы!
Экинчиси. Силер кыргыздын белгилүү жазуучусу Султан Раевдин “Жанжаза” деген романын окудуңар беле? Ким окуган? Араңарда окуган адамдар жок да болсо керек! Бул романды дүйнө окурмандары окуп жатат. Дүйнөлүк “Амазон” компаниясы тарабынан сатылып жаткан бирден-бир китеп.
Бул роман жөнүндө айтып жатканым, романдын эң өзөктүү идеясы эмнеде? Кылмыш кылсаң, күнөө кылсаң, ал акыр түбү ачыкка чыгат, арадан 40 жыл өтсө да, ага өзүң жооп бере албай калсаң да, ал суракты жаның берет, жандын жазасын тартасың же ал жазаны сенден тараган тукумуң тартат! Себеби, баарын жараткан Алла көрүп турат, ошону үчүн Жараткандын алдында таза, баарынан мурда таза абийир менен жашаш керек! Султан Раевдин романы ушул тууралуу, бул дүйнөдө жоопсуз эчтеке жок, качандыр бир убакта абийир сотунун алдында жооп берүүгө туура келет!
“Мен бүгүн кылмыш жасасам, ал билинбей калат”- деп ойлобогула!
“Кыңыр иш кырк жылда” билинет дейт элибиз. Сен кылмыш жасасаң, эртедир-кеч ага сөзсүз жооп бересиң. Кудай буюрса, уурулук кылуу таптакыр адам баласына пайдасыз иш боло турган коомду курууга бет алдык! Ажыдаардын куйруктарын кесип бүттүк, эми башын алабыз! Кудай буюрса, биз коррупциянын түбүнө жетебиз! Тамырын кыркабыз! Мен муну ишенимдүү айта алам! Анткени, бул биздин келечек урпактардын алдындагы да милдетибиз! Башкы багытыбыз дагы ушул! Мен ошондуктан, кайрылуумдун аягында дагы бир жолу эскертүү катары кайрылып кетем: уурдаганды токтоткула! Эми коррупция менен кармалсаңар — анын азабын силер менен кошо үй-бүлөңөр дагы тартат! Дагы кайталайм — кеч болуп кала электе токтоткула! Эл ырыскысынан колуңарды тарткыла!»,- деди УКМК төрагасы.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн