Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 04:28
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Камчыбек Ташиевдин Дубайдан вилла сатып алды деген маалымат тарады. Ташиевдин санаалаштары эмне дейт?

25.04.2021 10:36
1524
Камчыбек Ташиевдин Дубайдан вилла сатып алды деген маалымат тарады. Ташиевдин санаалаштары эмне дейт?

Соцтармактарда Камчыбек Ташиев Дубайдагы  Palm Jumeirah жасалма аралынан баасы 2,6 млн$ (вилланын 1 метр квадраты 9000$) турган Вилла сатып алыптыр жана Ташиевдин балдары баасы 120 мин$ турган "Рендж ровер" деген жол тандабастар менен жүрөт деген маалымат тараган. Мындан сырткары, УКМК жетекчиси мурда сатып жиберген "Томас" май куюучу жайлардын саны 42ге жетип, "Бонецкий" клиникасынын 25%дык акциясына ээлик кылары айтылган.


Буга байланыштуу Ташиевдин жакын санаалашы Шүкүрбек Эркебаев Дубайдагы вилла, уулдарынын кымбат унаа айдаганы жөнүндө таратылган маалымат калп экенин билдирди. 


Мындай болгон эмес, болушу да мүмкүн эмес. Камчыбек Ташиев Кыргызстандагы дээрлик бардык аткаминерлердин арасындагы мамлекеттин ташына да зыян келтирбеген саясатчы экени талашсыз. Аны коомчулук жакшы билет. Бул кишинин кандайдыр бир деңгээлдеги оокаты болсо, анын баары өз мээнети, эмгегинен топтолгондор. Мамлекеттин мүлкүнө кол салуу, уурдоо, бирөө аркылуу материалдык акыбалын чыңдоо бул кишинин табиятына жат көрүнүш”, - деди Эркебаев



Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Санаалаштары албетте жок децт да,ооба бар демек беле😄