Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 13:21
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Камчыбек Ташиевдин билдирүүсүнөн кийин Эмомали Рахмон Ворухка келүүгө камынууда

31.03.2021 20:59
3427
Камчыбек Ташиевдин билдирүүсүнөн кийин Эмомали Рахмон Ворухка келүүгө камынууда


Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Ворух анклавына келүүгө камынууда.
Буга Кыргыз өлкөсүнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин анклав тууралуу айткан билдирүүсү негиз болгон. Бул тууралуу Тажикстандын жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.
Өткөн жумада Ташиев Тажикстандын бийлигине Ворух анклавы үчүн Баткен тараптан 12 миң гектар жер берип, алмашуу сунушун киргизгенин билдирген.
Тажикстан президентинин басма сөз катчысы Абдуфаттох Шарифзода бүгүн, 31-мартта билдирген маалыматына ылайык, Рахмон Исфарага иш сапары менен анын ичинде Ворухка барат. Шарифзода сапардын мөөнөтү жана программасы азырынча тактала электигин кошумчалаган.
Айрым маалыматтарга ылайык, Рахмондун Ворухка сапары 4-апрелде болушу мүмкүн.

Булак: "Region" телеканал 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн