Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 13:39
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Камчыбек Ташиевдин бийликтеги таасирин жоготуу аракетинин арты эмне болот?

09.02.2021 11:33
830
Камчыбек Ташиевдин бийликтеги таасирин жоготуу аракетинин арты эмне болот?

2020-жылдагы октябрь төңкөрүшүнүн жыйынтыгы чынын айтканда көпчүлүк ойлогондон таптакыр башка нукка бурулганын коомчулук билет. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон бир нече саясий партиялардын өкүлдөрү борбордук аянтта митинг уюштурушуп, анын аягы Ак үйдүн басып алынышы менен аяктаган. Чынын айтыш керек, ошол төңкөрүштүн арты менен бийлик башына Садыр Жапаров жана анын командасы келип кала турганы эч кимдин оюна да келген эмес. Саясий чөйрө бийлик төңкөрүштөн кийин Өмүрбек Бабановдун же Алмазбек Атамбаевдин командасына өтүп кетет деген ойдо эле.


Бирок, баары ойлогондон башкача өңүттө кетти. Төңкөрүштөн кийин Ө. Бабанов, А. Мадумаров, Ж. Молдокматов сыяктуу дагы бир нече саясатчылар Координациялык кеңеш түзүп, кимди өкмөт башчылыкка алып келебиз деген аракетти жасай башташкан. Ошол эле убакта Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев аларга кошулбай, өлкөдөгү кырдаалды мыйзамдуу талаага алып келүүнүн башка жолун караштырып турушту. Натыйжада бир нече жолку аракет менен Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарынын колдоосу менен өкмөт башчылыкка бекиди. Андан кийин Сооронбай Жээнбековдун өз арызы менен отставкага кеткенинен соң, президенттин милдетин аткаруучу болуп калган.


Садыр Жапаровдун абактан чыгаары менен рейтинги тездик менен көтөрүлүп, көпчүлүк кыргызстандыктардын колдоосуна ээ болуп калышына досу Камчыбек Ташиевдин таасири өзгөчө болгонун танууга болбойт. Ал Ала-Тоо аянтында чогулган элдин алдына чыгып, «Биз Садыр Жапаровду президент кылабыз» деген сөздү алгач айтканда, ага башка саясатчылар олуттуу көңүл бурган эмес. «Ташиевдин кезектеги популизми» дегендей мамиле жасагандар болгон. Бирок, анын айтканы кыска убакыт ичинде реалдуулукка айланды.

2011-жылдагы президенттик шайлоодо талапкер болгон Камчыбек Ташиев шайлоочулардын 14%дан ашуун добушун алган. Эгерде ошол убакта бийлик колунда турган Атамбаевдин административдик ресурсу иштебегенде балким андан да көбүрөөк добушка ээ болмок. 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо да «Ата-Журт» партиясынын маарага биринчи болуп келиши Ташиевдин кадыр-баркына байланыштуу болгон. Демек, Камчыбек Кыдыршаевичтин өзүнүн туруктуу электораты бар экенинен кабар берет. Ошол электорат 10-январдагы президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун жеңишке жетишине өбөлгө болгонун жокко чыгара албайбыз.


Бирок, акыркы убактарда бул эки достун ортосунда байкалаарлык ажырым пайда болгону тууралуу маалыматтар чыга баштады. Ырас, мындай кептер адеп айтыла баштаганда ал кездеги талапкер Садыр Жапаров да, Камчыбек Ташиев да «Андай эмес» деген комментарий беришкен. Бирок, «Ордо оюндарынын» жүрүшүнө баам салсак, ошондой болуп жаткан сыяктуу.


Мисалы, акыркы убактарда Камчыбек Ташиевдин кадрлары болуп саналгандар бир-экиден «оюндан» чыга баштады. Жаңы өкмөттүн куралышы менен өкмөттүн аппарат башчысы болуп келген Бактыбек Аманбаев четте калды. Ага чейин Ташиевдин жанында 10 жылдан ашуун убакыттан бери чогуу болгон, ысыгына күйүп, суугуна тоңгон журналист Нургазы Анаркулов «пара талап кылган» деген доомат менен УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы тарабынан кармалып, кайра бошотулду. Анын иши учурда тергөөдө экени белгилүү. Бирок, анын кимден, канча пара талап кылганы же пара алып жаткан видеосу, же талап кылган аудиожазуусу болгон жок. Ошондон улам коомчулукта «Н. Анаркулов «Ордо оюндарынын» курмандыгы болуп калды» деген кептер айтылып баштады.



Ал ортодо К. Ташиев ден соолугуна байланыштуу ооруканага бир жатып чыкты. Эми болсо ага Германияда жүрөгүнөн операция боло турганы тууралуу маалыматтар жазылды. Ушундан улам К. Ташиев «Ордо оюндарынын» өйдө-төмөнүнүн баарын жүрөгүнө жакын кабыл алып жаткан жокпу деген күмөн ойлор жаралууда.


Эмнеси болсо да, Камчыбек Кыдыршаевичке ден соолук каалайбыз. Эртерээк сакайып, кайрадан кызмат ордуна кайтып келип, баштаган иштерин аягына чыгарышы абзел. Ошол эле убакта досу Садыр Жапаров экөөнүн ортосундагы мамиле да мурдагысындай эле бекем болот деген ишеничтебиз. Эгерде Ташиев бийликтен четтеп кала турган болсо, анда президентти колдогон аз эмес электорат жоголот дегенди түшүндүрөт.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Нурбек
Садыр Жапоровту кайсы Жогорку Кенешттин кайсы депуттатары колоду,Эл колоду унутпагыла.
Арси.
Азыркы бийликти колдобогонум менен Ташиевди патриот катары аябай сыйлайм. Ден соолугу чын, омуру узун болуп, элге кызмат кылып журо берсин. Ал эми, экоо эки ажарым жолго тушоору башынан эле белгилуу болчу.