Бугу 12, 2024
Убакыт: 03:49
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Камчыбек Ташиевдин депутат уулу ишкерлерге кысым көрсөткөнбү? Башкы прокуратуранын жообу

27.07.2021 23:16
1018
Камчыбек Ташиевдин депутат уулу ишкерлерге кысым көрсөткөнбү? Башкы прокуратуранын жообу

26-июль күнү фейсбук социалдык тармагындагы “Эркиндик” баракчасында “Тай-Мурас Ташиевден кордук көргөн бизнесмендер даттанышты” деген макала жарыяланган. Анда, Т.Ташиев депутаттык артыкчылыктарын колдонуп, майда өндүрүшчүлөрдү текшерип, аларга укук коргоо органдарын жиберип, кысымга алып жатканы жана бизнесмендер бул туурасында арыз менен Башкы прокуратурага кайрылышкандыгы жазылган.  


Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Т.Ташиевдин үстүнөн кимдир бирөө тарабынан арыз, даттануу түшпөгөндүгүн, жогорудагы жарыяланган маалымат чындыкка дал келбестигин билдирет.

 

Белгилей кетсек, ишкерлерди, инвесторлорду колдоо, алардын укуктарын коргоо прокуратура органдарынын ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп эсептелет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн