Кулжа 26, 2024
Убакыт: 15:15
USD
86.40
87.30
EUR
92.30
93.30
RUB
0.960
1.000

Камчыбек Ташиевдин иниси Шайырбек Ташиев мандатын тапшырат

23.01.2022 12:01
2152
Камчыбек Ташиевдин иниси Шайырбек Ташиев мандатын тапшырат

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси Шайырбек Ташиев мандатын тапшырат. Бул тууралуу Камчыбек Ташиев бүгүн, 23-январда өткөн маалымат жыйынында билдирди.


Анын айтымында, бир үй-бүлөдөн бир нече саясатчы болбош керек.


"Менин иним Шайырбек Ташиев жакынкы күндөрү депутаттык мандатын тапшырат. Мени аны менен сүйлөшүп бир үй-бүлөдөн бир нече саясатчы болбош керектигин айттым. Ал макул болду. Жакынкы күндөрү депутаттык мандатын тапшырат. Мен саясаттан кеткенден кийин өзү кааласа кайтып келет",- деди Ташиев.


Эскерте кетсек, Шайырбек Ташиев Жалал-Абад шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Канатбек
Шайырбек Ташиевдин дипломун текшергилечи өтүнүч, кандай жол менен дипломго ээ болгонун, урматтуу Кыргыз Элим ыраазы болуп билип калсын.
Турдали Уулу Баяман
Шайырбек инисинин диплому да жю подделка окшойт. Шашылыш мандатын тапшыртып жатканга караганда.