Бугу 04, 2024
Убакыт: 05:58
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Камчыбек Ташиевдин иш-аракеттери ыраазы гана кылууда

21.04.2021 18:56
954
Камчыбек Ташиевдин иш-аракеттери ыраазы гана кылууда


Бул жазганым  жумурткадан да кыр издеп, өзүнүн бул дүйнөгө жаралганына да ыраазы болбогон айрымдарга жакпашы мүмкүн, алардын итатайларын келтириши ыктымал. Бирок, калыс пикиримди айткым келди. 


Жеке мени азыркылардан Камчыбек Ташиевдин иш-аракеттери ыраазы гана кылууда. Камчыбек мырзанын мекенчилдигине, ата-журттун  кызыкчылыгы үчүн өмүрүн да аябаган көк жалдыгына, жүрөктүүлүгүнө  2010-жылдын июнундагы  өлкөнүн түштүгүндөгү окуяларда ынанып, аябай ыраазы болгон элем. Бүгүн да ошондой көк жалдык, батылдык менен чек ара маселелерин чечүүнүн аракетинде болууда. Ачыгын айталы, Камчыбек Ташиев УКМКга жетекчи болуп келгени, чек араларды тактоо маселелеринде «муз ордунан козголду». Буга дейре кайсы жерлерди алып,  кайсы жерлерди бергенибиз мындай турсун, сүйлөшүүлөрдүн кандай болгондугу белгисиз бойдон калчу. Көп сөз болгону менен сүйлөшүүлөрдүн  натыйжасы  болчу эмес.  Бүгүн болсо бир жерлерди берсек, башка жерлерди алып, айтор эки тараптуу «уступкалардын» негизинде жүздөгөн чакырым жерлер такталды. Жерлерди алмаштыруу, «уступкаларга»  баруу чек араларды тактоодогу мыйзам ченемдүү көрүнүш. «Силер гана беришиңер керек, биз бербейбиз» деп көшөрүп тура берсек, анда чек ара маселелери эч качан чечилбейт. (!) Ал чек арага чектеш аймактарда жашагандардын гана түйшүктөрүн көбөйтөт. Башкысы, алмашуулардын, «уступкаларга» баруулардын  жыйынтыгы теңдеш чыкса болду. Бул өңүттөн алганда, «Камчыбек Ташиев Өзбекстанга жерлерди берип салды» дегендей  пикирлер дегеле  суу кечпейт. Башкысы, биз уттурган жокпуз. Жалпысынан  10 миң гектардан ашык жер участоктору бизге өттү.  Түшүнгөн адамга бул чоң жеңиш. 


Камчыбек Кыдыршаевичтин 19-апрелде Кара-Суу районунун жашоочуларына барып жолугушуп, алардын айткан, дегендерин, шарт-талаптарын угуусу   анын чек ара маселелерин улуттун, өлкөнүн кызыкчылыгында чечүүгө кызыкдар экендигин гана айгинеледи. Буга чейинкилердей болуп Бишкекте жатып алган жок, кандай маселе болбосун жерине барып, элдин үнүн угуп, кеңешип,  сүйлөшүүлөр боюнча маалыматтарды берип, айтор, эл менен да жеринде иштешүүдө. 


Жеке пикиримде, ушундай батыл, жигердүү иш-аракеттердин аркасында гана чек ара талаштарына чекит коюлуп, жыйынтык болот. Ал эми жакшы иштерден да жалаң жаманды гана көрүп, «бөйрөктөн шыйрак чыгаргысы келгендер» дайыма  болуп келген, боло берет. Элим, жерим дегенде ичкен ашын жерге койгон Исхак Раззаков да баарына тегиз жаккан эмес. Андыктан Камчыбек Ташиевдин деле баарына жагуусу кыйын.  Эң негизгиси, чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо иштери улуттук кызыкчылыктарга ылайык  чечилсе болду. Азыр ошондой болуп жатат. Өлкөгө, элге ошол гана керек!


Мирлан Дүйшенбаев, журналист 

P.S: Автордун макаласы редакциянын позициясын билдирбейт

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн