Бугу 16, 2024
Убакыт: 00:06
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Камчыбек Ташиевдин социалдык тармакта тараган видеосу боюнча түшүндүрмө

23.08.2021 12:42
844
Камчыбек Ташиевдин социалдык тармакта тараган видеосу боюнча түшүндүрмө


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин социалдык тармактарда тараган эмоционалдуу видеосу боюнча түшүндүрмө берилди. Бул тууралуу Өткүрбек Рахманов Фейсбук баракчасына жазды.


"Эки күндөн бери Камчыбек Ташиевге өткөн жылкы шайлоо учурунда тартылып жасалган кыска тасманы чыгарып, ар кандай терс сөздөрдү жазып, таратып жаткан топ пайда болгону байкалды. Ал тасма биринчиден, өткөн жылы парламенттик шайлоо-үгүт учурунда жасалган. Ал жерде айтылып жаткан сөздөрдүн мааниси Камчыбек Кыдыршаевичтин ошол кездеги - байлык, бийлик артынан кууп, таштап кеткен жоро-жолдоштору, бийликтин колтугуна кирип, сатып кеткен кишилерге карата айтылганын баары билет. Чындык жеңип, Аллах Тааладан суралган ак баталар орундалып, элибиз менен биргеликте Камчыбек Ташиев сынып калбастан, жалгыз калганына карабастан, өзүнүн тилек-максатына жеткенине баарыбыз күбө болдук. Досум деп эл аралап жүргөн Камчыбек Ташиевдин ошол күндөрү бүтүндөй бир чоң тарых болуп калды. Демек, ал роликти бүгүнкү кара пиарыңарга колдонуудан майнап чыкпайт",- деп билдирүү калтырган Рахманов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн