Бугу 16, 2024
Убакыт: 12:38
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Камчыбек Узакбаев: “Сасык тумоо күчөп, коронавирус аралашып, абал оорлошуп баратат”

Камчыбек Узакбаев: “Сасык тумоо күчөп, коронавирус аралашып, абал оорлошуп баратат”


Бишкекте курч кармаган вирустук респиратордук инфекциялар (КРВИ) көбөйүп жаткандыктан үй-бүлөлүк медициналык борборлор демалыш күнү да иштемей болушту. КРВИге чоңдор да, балдар да кабылып жатат. Бирок, көбүнчө 2 жаштан 14 жашка чейинки өспүрүмдөр. Жугуштуу оору күч алып турган маалда көпчүлүктөн алыс болуп, балдарга камкордук көрөлү. Бул боюнча төмөндө КР эмгек сиңирген дарыгери, медицина илимдеринин доктору, профессор Камчыбек Узакбаев менен маек.


- Азыркы учурда балдар арасында тумоо күчөп, бейтапканаларда орун калбай, абал курчуганы айтылууда...


- Акыбал чынында оор. Ушул убак жыл сайын сасык тумоо күчөгөн маал. Коронавирустун дагы кээ бир белгилери байкалууда. Үчүнчүдөн, мектеп, бала бакчалар иштей баштады. Бул себептер дагы балдардын бири-бирине болгон байланышты көбөйтүп жатат. Ошонун баары биригип, балдар арасындагы  тумоонун жогорулап кетишине себеп болууда. 


- Ата-энелерге кандай кеңешиңиз бар?


- Урматтуу ата-энелер, балдардын организми өтө назик болот. Оорулардан сакташ үчүн балдардын иммунитетине көз салып туруу зарыл. Көйгөйлүү оорулары бар болсо, аларга көңүл буруп, алардын оорулары күчөп кетишине жол бербей, алдын ала дарылатып туруу зарыл. Туура режим абдан керек. Сергек жашоонун принциптерин сактап, бөлмөлөрдү жылуу кармап, абаны алмаштырып, тамактандыруу процессин да жолго коюу шарт. Балага өтө күч келтирүү да туура эмес. Азыр күз айы болуп, аш-тойлор күчөп турган маал. Тойго барган 300-400 киши менен аралашкан ата-энелер да инфекция алып келиши толук мүмкүн. Алар дагы сергек жашоонун принциптерин сактап, балдарга дарт жуктуруудан сактанышсын. Балада тумоонун себептери пайда болуп калса, дароо жакшылап көңүл буруп, мектепке, бала бакчага жибербей, үйдөн дарылоо керек. Эгер катуу болсо, үй-бүлөлүк дарыгерлерге кайрылуу шарт. Алар өздөрү кайда жиберишти чечип беришет. 

 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн