Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 16:07
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Камчыбек Жолдошбаев жапырт добуш сатып алууга шектелүүдө

18.11.2021 16:48
951
Камчыбек Жолдошбаев жапырт добуш сатып алууга шектелүүдө

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Камчыбек Жолдошбаев шайлоочулардын добушун жапырт сатып алууну уюштурган деп шектелүүдө.


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети  Борбордук шайлоо комиссиясынын  төрайымы Нуржан Шайлдабековага ушундай мазмунда кат жолдоду. Каттын көчүрмөсү Боршайкомдун сайтына жарыяланды.


Баштапкы маалыматтарга ылайык, Жолдошбаев жакындары аркылуу Бишкек шаарынын Ленин районундагы үй комитеттеринин төрагаларын көндүрүү жолу менен шайлоочуларды ири өлчөмдө сатып алууну уюштурган.


Тергөөнүн версиясы боюнча, бул иш талапкердин тууганы Муктарбек Сыдыков аркылуу ишке ашырылган. Ал 16-ноябрда төрт шайлоочуга 8 миң сомдон бергенде кармалган. Тинтүү маалында Сыдыковдун автоунаасынан 39 миң сом табылган. Шайлоочулардын тизмеси жазылган кагаз да табылгандыктан, УКМК бул каражатты шайлоочулар арналган деп божомолдойт.


Жазык кодексинин "Шайлоочуларды сатып алуу" беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталып, Сыдыков УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Ошол эле күнү Жолдошбаевдин үгүтчүлөрүнүн үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, 138 миң сом жана шайлоочулардын тизмеси табылган.


УКМКнын каты БШКнын Ыкчам аракеттенүү боюнча координациялык тобунда каралып жатат, анын жыйынтыгында талапкердин шайлоого мындан аркы катышуусу боюнча чечим кабыл алынат.


Жолдошбаевдин шайлоо штабы бул иш боюнча комментарий бере элек.


Булак: "Азаттык" үналгысы

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн